Бишкекте дагы бир тез татым ашканасы жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тез татым жайы Интергельпо жана Кен-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жарылуудан кийин ал толугу менен күйүп кетти.
Өрт тууралуу билдирүү 12-июнь күнү саат 23:35 чамасында келип түшкөн. Өрт өчүрүүчү бригада өрттүн кесепетин жоюу үчүн саат 00:09да чыгып кеткен.
Күбөлөрдүн айтымында, тез татым жайы жарылып, анын бөлүктөрү жана айнектери кошуна короого чачырап кеткен. Видеого бүтүн газ баллону түшүп калган. Ошондуктан, күбөлөр өрт кырсыгы газдан улам болушу мүмкүн деп божомолдошууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ