Menu

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Алмазбек Атамбаев бактысын түрмөдөн табат!”

Бөлүшүү:

– Бекболот агай, мурдагы президентке тагылып жаткан күнөөлөр боюнча анын тарапташтары жагынан «саясий куугунтук болууда» деген аныктама берилүүдө. Сиздин пикирди уксак?

– Эч кандай саясий куугунтук болгон жок. Тескерисинче, азыркы бийлик Алмазбек Атамбаевге карата лоялдуу, жумшак мамиле жасап келүүдө. Бул жакшы саясат эмес.

– Негиздесеңиз…

– Биринчиден, Атамбаевди бир жыл мурда эле камакка алыш керек болчу. Ал өткөн жылы июнда эле «Бишкек ЖЭБи жана башка ири долбоорлор боюнча чечимдердин баарын жеке өзүм кабыл алгам» деп билдирүү жасаган. Өзү күнөөсүн толук моюндап жатса, анда неге укук коргоо органдары тиешелүү чара көрүшпөдү? Эгер ошондо эле камакка алынса, быйылкы Кой-Таш трагедиясы болмок эмес да!

– Экинчиден…

– Укук коргоо органдары Атамбаевге онго чукул кылмыш иштерин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Бирок ал иштер ашып кетсе жалпы козголо турган иштердин төрттөн бири гана. Ага башкы күнөөлөр тагылбады.

– Кайсы иштер?

– Атамбаевдин башкы кылмыштуу иши – бул мамлекеттик бийликти узурпациялоо. Мындай аракетти эгемен өлкөгө каршы ири диверсия катары бааласа болот. Анын президенттик жылдарында кимдер гана ага эскертүү жасашпады. Мисалы, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана башкалар. Тилекке каршы, Атамбаев эч кимди укпай, бийликти толук узурпациялап алды. Эмне себептен бул боюнча ага кылмыш иши козголбойт? Атамбаевдин экинчи оор кылмыш иши – бул массалык саясий террор жүргүзгөнү. Куугунтукка тушуккан Дастан Сарыгулов аксакал белгилегендей «2015-жылга карата бийлик бир адамдын, Атамбаевдин колуна толук өттү. Ал мыйзамдарды тим кой, Башмыйзамды каалагандай тебелеп, өзүн Кудайдан бийик коюп, элибизди мазактап, анын кемчиликтерин айткандардын баарын түрмөгө кести. 25 саясий туткундар баары биригип 145 жылга эркинен ажыратылды» («Ордо», 1.02.2019-ж.).

– Үчүнчүдөн…

– Менимче, Атамбаевдин күнөөсүн жеңилдетүү максатында укук коргоо органдары анын кылмыш иштеринин бир топ бөлүгүн анын башка тарапташтарына бөлүштүрүп жатышат.

– Мисалы…

– Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишти алалы. Эксперттер ал борборду жаңылоого 150 млн доллар эле жумшалмагын далилдешти. Кеминде 111 млн доллар жемкорлордун чөнтөктөрүнө кетиптир. Ошону Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Салайдин Авазов, Айбек Калиевдер «жеп алышкан» дегенге ким ишенет? Булар «жешкен» эмес. Аларга укуктук негизде күнөө тагуу – бул Атамбаевге жардам. Албетте, аталган төртөөндө саясий, моралдык чоң күнөө бар. Алар Атамбаевди кош колдоп жакташкан. Демек, аларга моралдык гана күнөө тагып, орден-чиндерден ажыратып, 5-6 жыл мамкызматка жолотпой, бирок укуктук жазадан бошотуп, абактан чыгаруу абзел.

– Атамбаев президент кезинде сизден өтүп ага сын айткандар болбоду. Ага «миң жылда бир келчү кырсык» деген аныктамаңыз тарыхка жазылып калды…

– Мен конкреттүү фактылар, талдоолор негизинде анын сөзүн, ишин, саясатын ашкерелеп, сындачумун. Ошондой эле кеп- кеңешимди айтчумун.

– Алгачкы кеңеш эсиңизде барбы?

– Албетте. 2009-жылы Бакиевге каршы агездеги оппозиция Атамбаевди президенттикке бирдиктүү талапкер кылып тандаган. Эртеси күнү мен гезитке маек бергем. Анда Атамбаев татыксыз талапкер экендигин оппозицияны уят кылаарын айтып, ага «шайлоодон кийин дароо Түркияга көчүп кетип, ошол жакта бизнес менен алектен» деп кеңеш бергем. Укпады. Кайра оппозицияны сатып алып, кийинки жылы 7-апрель төңкөрүшүн уюштурду. Эми ал кандуу окуя боюнча Курманбек Бакиев эл аралык сотко кайрылмай болуптур. Сот ага оң чечим чыгарып берсе, анда Атамбаевди Нидерланды өлкөсүнүн түрмөсүнө алып кетүү коркунучу жаралып олтурат.

– Дагы кандай кеңештерди бердиңиз?

– Мындан үч жыл мурда, 105 мүчөдөн турган мекенчил инсандар «Элдик парламент» коомдук бирикмесин уюштуруп, Атамбаевге «кыргыз элине, өлкөсүнө кастык кылып, жан-жөкөрлөрүң менен мамлекетти тоноп жатасың. Президенттиктен тынч, өз каалооң менен кетип кал» деп кеңеш бергенбиз. Аны ал укмак турсун, уюмдун беш мүчөсүн жалган жалаа токутуп каматып, жалпы 60 жылга соттотуп салды. Ошондо бизди угуп кетип калганда балким Дача-СУдагы трагедия болбой, Кой-Ташта адамды атып өлтүрбөй, миңдеген үй-бүлөнү сыздатып-боздотпой, болгону коррупциялык иштери менен гана соттолмок да.

– Эмне себептен Атамбаев ал кеңештерди укпады?

– Ким билет. Балким гезит окубайбы. Муну айткан себебим, 2014-жылы 20-февралда «Азия-Ньюс» гезитинде белгилүү публицист Карыбай Турусбековдун «Эмне үчүн Атамбаев гезит окубайт?» деген макаласы жарык көргөн. Анда гезиттеги сындарга жооп бербеген Атамбаевге ал «циник» деген аныктама берген. Кыргызча «акмак» деп которулат эмеспи. Карыбай агабыз ошондо эле Атамбаевге анык баасын бериптир.

– Дагы айтаар кеңешиңиз барбы?

– Ооба. Угабы-укпайбы, биздин агалык милдет – кеңеш айтып туруу. «Алмазбек иним, биринчи кезекте Бишкек ЖЭБин, «Датка-Кемин» электр чубалгысын, «Бишкек-Ош» экинчи жолун курууда желген жүз миллиондогон долларлардын дарегин ачыктап, Кытайга карызды өзүң төлөп берип, жакында Бишкек шаардык сотунда каралганда Сатыбалдиев, Исаков, Авазов, Калиевдерди актатып ал. Алардын үй-бүлө, туугандарынын сообуна каласың. Алар сенин айыңан ак жерден күйүп жатышат. Түрмөдөн коркпо! Сен ансыз деле өмүр бою соттолосуң. Кыргыз эли айкөл экенин унутпа. Өзүң куугунтуктаган саясий туткундар он жыл тегерегинде бирге аракет жасап, кийинки президенттин мөөнөтү аяктаарда, андан ырайымдык сурап бошотуп алабыз. Сага айтаар агалык дагы орчундуу сөзүм бар. Болгариялык-көзачык аял Ванга айткан экен «Адамдар жакшылык жасаш үчүн бул жарык дүйнөгө келишет. Эгер байжаларга жамандык кылса, ал эртели-кеч өзүнө кайтат. Өзүнө кайтпаса, анда балдарына, укум-тукумуна өтүп кетет» деп. Сенин бактың бар экен! Кыргыз элине, өлкөсүнө кыянат иштериң, душмандыгың үчүн балдарың, укум-тукумуң эмес, өзүң жооп бермей болдуң. Ал эми саясий туткундарга опол тоодой кыянат жасап, аларды азапка, үй-бүлөлөрүн тозокко салышкан Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Айнаш Токбаева, Нурлан Мусаханов, Мирлан Термечиков, Адис Момуналиев, Элмира Жумашева, Эамир Калиев, Талант Аккозуев, Аида Манжиева, Чойбек Сыдыков, Тамара Тилекеева сыяктуу коопсуздук, сот, прокуратура органдарынын кызматкерлери «биз жазадан сыртта калдык» деп учурда кудуңдашкан менен алардын күнөөсү балдарына, укум-тукумуна өтүп кетип, ал күнөөсүз бечаралар оор жазага тушугушат эмеспи. Демек, Алмазбек иним, ошол бактыңа каниет кыл. Ден-соолугуңду кара, колуңдан келсе беш маал намаз окуп, өткөн-кеткен жаманчылыктардан тазалан».

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: