Menu

Темирлан Ормуков, акын: «Өмүрбек Токтогулович, кийин бийлик алмашканда, «мурдагы бийлик кысымга алып, саясаттан кетүүгө мажбур кылган»,-деп кайра саясатка кайтып келбеңиз!”

Бөлүшүү:

Акын Темирлан Ормуков дайыма саясатка, дегеле Кыргызстандын абалына абай салып, саясатчыларга сын айтып, жазып келет. Башын кара сөз менен баштап, аягын ыр менен бүтүрөт. Бу жолу акындын сынына кечээ “Республика” партиясынын жетекчилигин жаштарга өткөрүп берген Өмүрбек Бабанов кабылды. Ал боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

 

“Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” дегендей, Бабановдун алы эки сурактык эле турбайбы! Кезинде “тизе бүгүп басынып жашагыча, тике туруп өлгөн жакшы”,- деген сыяктуу ураан таштап чыкты эле. Азыр өзү тизе бүкмөк турсун жантыгынан жата калды го? Болоор- болбос жүйө менен кылмыш ишин козгоп, тергөөгө эки жолу эле тергөөчү суракка чакырып койсо, «саясаттан кеттим, жаштарга орун бошоттум»,- демиш болуп куйрукту түйдү…

Өмүрбек Токтогуловичке айтаар элем: «Урматтуу Өмүрбек Токтогулович! Эгер сиз карыган саясатчы болуп, «ордумду жаштарга бердим, саясаттан кеттим»,- десеңиз, албетте, көпчүлүк ишенмек. 49-50 жаштагы саясатчы капилеттен эле саясаттан кеттим деп жатса, ага ким ишенет? Болуптур кетсеңиз, жакшы барыңыз, болгону ашыкча пиар кыла бербеңизчи. Акчылануунун кажети жок. Бир гана өтүнүч, кийин бийлик алмашканда, «кайра саясатка келдим, мурдагы бийлик, Жээнбековдордун кланы кысымга алып саясаттан кетүүгө мажбур кылган»,- дебеңиз. Эгер кысым болгон болсо, азыр айтып, азыр күрөшүңүз! “Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” болбоңуз.

Ачыгын айтсам, сиз экинчи жолу “саясаттан кеттим” деп жатасыз. Алгачкы жолу, эки жыл мурда эле ММК аркылуу: “шайлоо таза, мыйзамдуу болду, мен саясаттан кеттим”, – деп Москвадан билдиргенсиз. Кайра, “ана келем, мына келем” деп шоу кылып жатып кайткансыз. Саясаттан кетсеңиз, чындап эле кетиңиз, кийин кайра бир шылтоо айтып, жетип келбей… Билип коюңуз, “кеткен келин кайтып келсе кадырсыз болот…”
Айтылбай сөзү бир эле. Бабанов өзү ким эле?

Кеттим, келдим деп айтып. Экиленет тим эле.

Кысымга калып жатсаңыз. Кыйылбай күрөш баштаңыз,

Сооронбай доору бүткөндө. Кууланып кайра кайтпаңыз.

Оор мезгил кетер жакында. Оңой жол издеп жашынба,

Ойт берип качса камчыдан. Окшошуп калат катынга.

Башкалар билбес ой болду. Бабанов неге толгонду?

Балапанды уйпалап. Башчыбыз кет деп койгонбу?

Сооронбай мыкчып чеңгелге. Соболго кезек келгенде.

Бабанов качты көрүнөт. Жыйырма беш суроо бергенде.

Балапан деп дебатта. Эскерткен Соке небакта.

Айласыз кетип жаткан соң. Кууланып түркүн кеп айтпа.

Амалдуу жолду ыктадың. Акыйкат ишке чыкпадың.

Ак үйдөн Соке кеткенде. Айгайлап сүйлөп чыкпагын.
Аманын ойлоп башыңдын.Айласыз Өмүш жашындың.

Ишенимди актабай. Ишин кылдың катындын.

Элүүгө чыгаар жашта эле. Эл күткөн үмүт башка эле.

Суу жүрөк, куйту экени. Белгилүү болчу башта эле.”

Эске сала кетсек, кечээ, 20-декабрда, Бишкекте “Республика” партиясынын съезди өтүп, анда Өмүрбек Бабанов сүйлөп, жаштарга орун бергенин, саясий карьерасынын аяктаганын айтып, жетекчиликти депутат Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген. Ошондой эле ал президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: