Menu

Владимир Путин: “Сооронбай Шарипович, сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору”

Бөлүшүү:

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору. Мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда Сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу.

Эки тараптуу жана эл аралык күн тартиби боюнча конструктивдүү диалогубузду жана биргелешкен жемиштүү иштерди улантабыз деп ишенем», — деп белгиленет Россиянын Президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: