Menu

Эрдогандын партиясы Стамбулда кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Бөлүшүү:

Түркияда президент Режеп Эрдогандын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү боюнча Жогорку шайлоо комиссиясына доо арыз жазды.

Башкаруучу партиянын башчысынын орун басары Али Ихсан Явуз мэрди шайлоо учурунда мыйзамсыз иш-аракеттерге, добуштардын жыйынтыгын бурмалоого жол берилгенин билдирди. Эгер өтүнүч колдоо тапса, 2-июнда кайра шайлоо өтөт.

Түркияда муниципалдык шайлоолор 31-мартта өткөн. Шайлоодон кийин башкаруучу партия 15 миллиондон ашык киши жашаган Стамбулда добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган. Жогорку шайлоо комиссиясы бир катар округдарда кайра санак өткөрүүгө макулдук берген.

Ага карабай, алдын ала эсептөөлөр боюнча Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо оппозициячыл Элдик-республикалык партиядан талапкер Экрем Иммамоглу алдыга суурулуп чыкты.

Түркиянын борбору Анкарада оппозициядан талапкер Мансур Яваш шайлоочулардын 50 пайыздан ашык добуштарына ээ болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: