Menu

Белизгейттин бети ачылабы?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгарууну тапшырды. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча буга чейинки тапшырманын аткарылышынан кабар алды. Муну бийликти жактагандар буга чейинки коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабынын уландысы катары баалашты. Ошол эле учурда бул убада аткарылаарынан күмөн санагандар жетиштүү. Себеби “резонанстуу иштер” деп көтөрүлүп, кийин бас-бас болгон “Белизгейт” жаңжалы сыяктуу ара жолдо калган иштерди аягына чыгарууга Жээнбековдун эрки жетеби деген суроо коюлуп жатат.

Эске салсак, “Белизгейт” жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген болчу. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Бул чатак боюнча Атамбаев документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын төрагасы Сегизбаев жооп берээрин эскерткен. Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК “Белизден алынды” деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: