Сирия оппозициясы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу мөөнөтү аныкталды деген маалыматты четке какты.
“Сүйлөшүүлөр боюнча жогорку комитеттин” мүчөсү Жордж Сабра билдиргендей, Сириядагы абалды тынчтык жол менен жөнгө салууга үмүт аз, себеби Башар Асаддын режими 12-сентябрда күчүнө кирген жарашуу жараянын дайыма бузууда.
Буга чейин бейшембиде Орусия ИИМнин башчысынын орун басары Геннадий Гатилов БУУнун ортомчулугу алдындагы Сирия сүйлөшүүсү сентябрдын аягында болорун кабарлаган.
Сириядагы жаатташкан тараптар элдешүү тартиптери аткарылбай жатат деп бири-бирин айыптоодо. Орусия Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков бейшембиде АКШ көзөмөлүндөгү сириялык оппозиция калк жашаган чөлкөмдөрдү аткылоону күчөтүп жатканын айткан.
Буга карабай, Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров жана АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы элдешүүнү дагы 48 саатка узартуу боюнча макулдашкан. Мунун максаты өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ