Болотбек Ибраимжанов деген депутат сез сүйлөсө өзү эмес, ушундай депутатыбыз бар экен деп эл уялчу болду. Түнкүсүн мечиттердеги айтылган азан элдин уйкусун бузуп жатат деп айтып коомчулуктун күлкүсүнө кабылган. Өзү азан айтылганда таттуу уйкудан чоочуg ойгонуп кыйналып жатканын ачык айталбай. Эми ушул депутат дарактардан тушкөн жалбырактарды тийиштүү эмес жерде өрттөгөн адамдарга айып пул салуу зарыл деп чыкты. Кыргызда таппасаң сыйпалап кал дечү эле. Ибраимжанов дагы айта турган орундуу сез таба албай жалбырактарга жармашты окшойт сыягы. Анын ою боюнча чөптү да тийиштүү эмес жайларда өрттөгөн жарандарды административдик жоопкерчиликке тартуу зарыл экен. Кыргызстанда жалбырак менен чөптү өрттөө үчүн атайын курулган жайды ким көргөн? Болотбек Ибраимжановго атайын жалбырак өрттөөчү жай жок экенин эскертип койгулачы байболгурлар.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ