Menu

Чет өлкөлүк жумушчуларга айрым чектөөлөрдү киргизүү, аларды категорияларга бөлүү демилгеси сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште тышкы миграция жана эмгек миграциясынын маселелерин жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө» мыйзамдарга) мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, мыйзам долбоору улуттук эмгек базарын чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн көзөмөлдөнбөгөн агымынан коргоо, бош жумуш орундарын ээлөөдөгү кыргыз жарандарынын конституциялык укугун камсыз кылуу, бул маселелериди чечүү жаатында жөнгө салуунун өзгөчө шарттарын түзүү максатында иштелип чыккан.

Ошентип, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жүрүмүн жөнгө салуу квота түзүүгө негизделип, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттин кызыкчылыктарын жана ички эмгек рыногундагы кырдаалды эске алуу менен, жыл сайын КР Өкмөтү тарабынан аныкталат. Миграциялык маселелерди жөнгө салууда биринчи кезекте мамлекеттик кызыкчылыктар көздөлүүгө тийиш.

Ошондон улам, бир чарбалык субъектидеги чет өлкөлүк жумушчулардын санын жалпы жумушчулардын санынын 10 пайызынан 20 пайызына чейин чектөө жана чет өлкөлүк жумушчуларды категорияларга бөлүү демилгеси сунушталат:

– эмгек квотасына берилүүчү квотадан тышкары, иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер;

– эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган чет өлкөлүк адистер, алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъектидеги жумушчулардын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш;

-эмгек квотасына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган квалификациясы жок чет өлкөлүк кызматкерлер, алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъектидеги кызматкерлердин жалпы санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;

–  Салык кызматы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде жазган арызынын негизинде 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган чет өлкөлүк жеке ишкерлер.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан өлкөдөгү жумушчу орундарга чет өлкөлүк адистерди алып келбей эле, аларды өз жарандарыбыздан даярдоо, ички жумушчу орундарын коргоо чараларын күчөтүү, чет өлкөлөрдөн инвестиция тартууда аларга жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге, кыргыз жарандарына артыкчылык берүү, чет өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жаатында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: