Бул тууралуу 31-октябрда КСДПчы Темирлан Султанбеков соцтармактарга билдирди. Компаниянын ээси жана жетекчиси – А.Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев.
Компаниянын кеңсесине Аскердик прокуратуранын кызматкерлери айтпастан, качырып кирип келишип, тинтүү жүрүп, документация алынарын айтышкан. Алар эч кандай документтерди, тинтүү санкциясын да көрсөтүшкөн эмес. Сейит Атамбаев жактоочусун чакырыптыр.
Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече оор кылмыштар боюнча айыпталып жатат. Бул тинтүү да ошол кылмыштардын негизинде болуп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ