Menu

Сейит Атамбаев: Ишканамды тартып алууга аракет кылып жатышат

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Мындай аракетти ал Атамбаевдин уулу болгону үчүн саясий куугунтук деп баалап жатат.

Өз кайрылуусунда ишкер: «Биздин компания ири ишканаларга электр энергиясын ташып келүү менен гана алектенет. Эч убакта тендерлерге катышкан эмес, мамлекеттик иштерге аралашпай, саясий партияларды, кыймылдарды же талапкерлерди каржылаган эмес» деп билдирди.

Сейит Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына «ишкерлерге бут тосууну токтотуш керек» деген талап койгону менен иш жүзүндө тескери саясат жүрүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн Сейит Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасында тинтүү жүрдү. Кеңсеге барган эки адам өзүн Аскер прокуратурасынын кызматкери деп тааныштырды.

«Эркин Европа» расмий комментарий алыш үчүн Башкы прокуратурага кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты тактап, жооп берерин билдирди.

Сейит Атамбаевдин айтымында, ал «Автомаш-Энерго» ишканасын атасы президент болгонго чейинки 2003-жылдан бери өз алдынча башкарат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Азыр Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу үчүн соттолууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: