30-октябрда КРнын өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети менен GOPPE.C.C. KOREAHOLDING кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган комитет билдирди.
Комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов Түштүк Кореяга расмий сапар менен барган. Меморандумга ылайык, эки тарап теңчилик жана кош пайда негизинде ГЭС куруу долбоорунун алкагында кызматташат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ