Menu

Сооронбай Жээнбеков, президент: “Жээнбеков Бакиевдей эле болуп калды,бир туугандары ишине кийлигишип жатат”  дегенди угуп жатам. Бул калп”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ММКнын жетекчилери жана чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугушуп, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышты. Президент алгач ММК жетекчилерин алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Президент ММКлардын бардык суроосуна ачык-айкын жооп берди. Журналисттер каалаган суроосун берип, жооп ала алышты.

Журналисттер бир туугандары жөнүндө жана үй-бүлөсү ишине кийлигешээр-кийлигишпеси тууралуу сурашты. Ага президент: «Жээнбеков Бакиевдей эле болуп калды,бир туугандары бардык чечимдерге таасирин тийгизип жатат” деген сөздөрдү угуп жатам. 11 бир тууганбыз, баарынын үй-бүлөсү бар, өз иштери менен алек. Биз эч качан бири-бирибизге зыян келтирбейбиз, бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз. Эгер туугадарым ишиме кийлигишсе, анда ага чара колдонот. Кыргызстанда үй-бүлөлүк кландык башкаруу болбошу керек деп эсептейм. Себеби, эл андай башкарууну башынан өткөрдү, ал кайталанбашы керек! Мен бул тарыхтан өткөм. Эгер далил болсо жөнөткүлө. Жасалма туугандар, жасалма кудалар пайда болду. Кудай буюрса, президенттик милдеттеримди аткарам. Мага эч ким кеңеш берген жок, өзүмдүн тажрыйбам бар. Мен баарын угам, бирок чечимди өзүм чыгарам», – деп жооп берди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: