Menu

Бектур Талыбаев, кенже лейтенант: “Жумушубуз татаал, үйгө аман-эсен кайтууга кепилдик болбойт”

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИББ башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов шаардык милициянын башына келгени өздүк курамдагы иши аркылуу оозго илинген жаш кадрларды көтөрмөлөө, ишине дух берүү, моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөтүү жагын колго алганы кубандырууда. 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай, баш калаадагы коомдук коопсуздукту сактоодо негизги кара жумушту аткарышкан жаш кадрлардын ишин болочоктогу “кызыл шапкечендерге” үлгү тутуу максатында кызматкерлерин коомчулук сынына жайып турган кербези.
– Бектур, оттон-суудан кайра тартпаган, жүрөк курч болгон азыркыдай жаш куракта кылмышкерлердин артынан түшүү, аларды аңдуу сыяктуу иштер көп эле кызыктуу окуялар менен коштолсо керек. Мүмкүн болсо андай окуялардан бир шиңгил бөлүшүп койбойсуңбу?..
– Эртең менен жумушка чыкканда Кудай деп чыгабыз. Анткени ар кандай кырдаалдар болот. Бир күн бир күнгө окшобойт. Кайра үйгө аман-эсен, тынч кайтаарыңа кепилдик жок дегендей. Себеби, кылмышкерлер менен күрөшүү же аларды кармоодо дайыма эле ийгиликке жете бербейсиң да. Жумуш убагында көп эле татаал окуялар болот. Эсимде, ушул жайда, 2016-жылдын 24-июнда (мектеп окуучуларынын коштошуу кечеси болгон күнү) түнкү патрулга төрт кесиштешим менен бирге бөлүнгөм. Мектеп окуучулары ошол күнү баардыгы көчөдө жүрүшкөндүктөн коомдук коопсуздукту күчөтүлгөн режимде кароо буюрулган. Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түнкү саат 2ден өткөн маалда Токтогул көчөсүнүн №175 даректеги батирдин 4-кабатында белгисиз жарандын жардам сурап жатканы боюнча билдирүү келип түшөт. Биз тез арада (5 мүнөткө жетпей) аталган дарекке барсак, кылмышкерлер жалгыз жашаган үй ээсинин денесинин он чакты жерине бычак сайышып, жарадар жаранды үйүнө таштап, кетип баратышып көгүлтүр отту (газды) ачып, үйүнө өрт коюп баса беришиптир. Үйгө адеп киргенде газ толгон истен бир балабыз дароо эсин жоготуп кулап, жарадар адамдын жардам сурап жалооруган үнү улам басаңдай берди. Мындай шартта жанды оозго тиштеп, эчтекеге карабай үйгө кирип, жарадар адамды алып чыктык. Эшикке алып чыгарыбыз менен “тез жардам” кызматы, ага ууда өрткө каршы кызматтар жетип келип, жыйынтыгында адам өмүрүн, ага кошуп өрттөнүп жаткан үйдү сактап калдык. Биз беш эле мүнөт кечиккенибизде тиги адамдын өмүрүн сактап калууга кеч болуп калмак. Көп өтпөй кылмышкерлер да биздин кесиптештер аркылуу колго түшкөн. Айтор, мындай окуяларды эстеп отурсаң көп эле болот.
– 1-ноябрь кесиптик майрамыңар эмеспи, ага даярдык кандай? Майрам-шаңдын урматына жогорку жетекчиликтен сыйлык же мөөнөтүмөн мурун чин алууга тилектер барбы?
– Кандай майрам болбосун, биз өзгөчө деле майрамдабайбыз. Андай күндөрү элибиздин коопсуздугу үчүн жумушта эле болобуз. “Генерал болууну каалабаган солдат солдат эмес” деп коюшат го. Жеке өзүм милицияга келгени мөөнөтүмөн мурун чин ала элекмин. Анан калса офицердик чинге быйылкы жылдан тарта эле отургам. Жаңыдан кызматтык тепкичтерди басып өтүп жаткан соң, майрамда чин алууга деле эт-бетимден кетип үмүт кылып жаткан жерим жок. Азыр жашпыз, буюрса баары алдыда да. Өткөн 2015-жылдагы иштин жыйынтыгын чыгарган 4-кварталында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн арасында “мыкты кызматкер” катары таанылып, кымбат үлгүдөгү телевизор менен сыйлангам.
– Үйлөнө элек турбайсыңбы. Түтүн булатып, той башталса, өкүл аталыкка кайсы полковникти же генералды коюп, кызматтык ийгиликтүү карьера жасаганды ойлонуштуруп жатасыңбы? Мурунку шефиң Айбек Жайлообаевден бул боюнча үлгү алып, кеңеш сурасаң болот. Ал Мелис Турганбаевди өкүл ата коюп, карьера жасаганы айтылат..
– Мен бирөөнө жагыныш үчүн андай кадамдарга барбайм. Келечекте өкүл аталыкка өзүм сыйлаган адамдарымды коем го. Буюрса жаңы жылга чейин үйлөнөйүн деп чамынып жатам. Алдыңкы күндөрү өкүл атам ким болорун тактайм (күлүп).
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: