Акыры 3-4 айдын ичинде күйүүчү-майлоочу майлардын (бензин, солярка) баасы дээрлик 11%га жогорулады. Мындан улам өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Экономика министрлигине жазгы-күзгү талаачылык жумуштары учурунда баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында бааларды жөнгө салуунун альтернативдүү механизми боюнча сунуш киргизүүнү тапшырып, февраль айында бензиндин баасы арзандайт деген убадасын берди. Эми мындай убаданын өтөөсүнө чыкканга Сооронбай мырзанын эрки жетээр бекен. Анткени кийинки эле үч айда россиялык мунайзат өндүрүүчү заводдор бааны кескин көтөрүп, Кыргызстандагы бензин, дизелдин наркы кыйла өстү. Демек, 2017-жылкы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн 100 миң тонна дизель жана 26 миң тоннага жакын бензин керектигин эске алганда, өкмөт башчынын Россиянын компаниясына тиш өтпөстүгүн көңүл сыртында калтырбай турган болсок, берген убадалардын аткарылышы кыйын. Баа төмөндөйт деп отурушуп, ага ишенген дыйкандарды жайдак калтырышпаса болгону… Ошентсе да Өкмөттүн тилегени орундалып, ылайым эле арзанчылык болсун…
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ