Menu

АКШ дипломаттары Трамптын жарлыгына каршылык билдирүүдө

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү 900гө жакын америкалык дипломат президент Дональд Трамптын жарлыгы боюнча каршы пикир билдиргендигин ырастады.

Маалыматка караганда, 31-январда иммиграциялык саясатка макул болбогон пикирлерди камтыган меморандум келип түшкөн. Акүйдүн өкүлү Шон Спайсер дипломаттарга кеп Американын коопсуздугу тууралуу болуп жатканын жана алар же программаны аткарып же мекемеден кетиши керектигин эскертти. Күн мурун Трамп жарлыкты аткаруудан баш тарткан башкы прокурордун милдетин аткаруучуну кызматтан кетирген болчу.

Дипломаттар жарлык мусулман өлкөлөрү менен болгон мамилелердин начарлашына алып келип, антиамерикалык маанайлардын жаралышына себеп болот деп эсептешет. Ошондой эле президенттин чечими АКШга кирүүгө мыйзамдуу укуктары бар адамдарга да зыянын тийгизиши мүмкүн.

Алардын пикиринде, учурдагы саясат Американын негизги баалуулуктарына каршы келет.

Трамптын жарлыгына ылайык, Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө 90 күнгө тыюу салынат. Андан сырткары бозгундарды кабыл алууга 120 күндүк чектөө киргизилип, сириялык качкындардын киришине белгисиз мөөнөткө тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: