Menu

Кыргызстанда 24 миң кул барбы?

Бөлүшүү:

Сыртынан байкалбаган менен акчанын арааны жүрүп, байлар менен кедейлердин айырмасы улам алыстап бараткан азыркы адилетсиз заманда, күнүмдүк көр оокаттын айынан жумушу жок,  турмуш-тиричиликтен кыйналган байкуштар акчалуулардын “отуну менен кирип, күлү менен чыгып”,  кулдай эле иштешет. Албетте, аларды иштеткен бай-көпөстөр кул базардан сатып албаган менен эч кандай эмгек келишими түзүлбөгөндүктөн жана айрымдары узак убакыт ушундай шартта иштешкендиктен, кулдай эле кабыл алынууда. Дегеле Кыргызстан кул ээлөөчүлүк мамлекет  экендигине эч ким деле ишенбейт. Анткен менен Walk Free  Foundation деп аталган эл аралык укук коргоо уюмунун аныктамасына караганда Кыргызстан кулчулуктун 2018-жылкы глобалдык индексинде 85-орунду ээлеген.  Адистердин эсептеп чыкканына караганда, Кыргызстан боюнча азыркынын кулчулугунда 24 мин адам жашап жатат. Бул 100 миң калкка 411и эрки чектелген адам туура келет дегенге барабар. Аталган уюмдун маалыматына караганда, азыркынын кулу деп коркутуп-үркүтүү, кыйноо, зомбулук, орой мамиле, алданып иштеп жүргөндөрдү да атаса болот. Аналитиктер дүйнөнүн 167 өлкөсүн иликтеп, биринчи орунда Түндүк Корея турганын аныктышкан. Бул өлкөдө ар бир онунчу адам кул  болуп эсептелет. Ошондой эле ондукка Эритрея, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Афганистан, Мавритания, Түндүк Судан, Пакистан, Камбоджа жана Иран кирет. Борбор Азия мамлекеттеринен арасында бул жаатта абал Өзбекстанда оор экени айтылган. Бул өлкөдө 160 мин адам кул деп эсептелип, республика тизмеде 69-орунга чыкты. Анын артында эле 75-позицияда Тажикстан турат. Мындан тышкары дүйнө жүзү боюнча 40 миллион адам азыркынын кулу болуп жүргөнү айтылат. Алардын 71 пайызы кыз-келиндер. Айтор материалдык тесиздик улам  күчөгөн сайын адамдардын баркы ошончолук төмөндөп, тарыхта окуган Африка өлкөлөрүндөгү  кул ээлөөчулүк доорго жакындап бараткандайбыз.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: