Menu

Чубак ажы менен Анарбек Усупбаев көк жылгаяктын үстүндө зуулдап коньки тээп жүрүшөт..

Бөлүшүү:

Дин жагынан пикирлери келишпеген Чубак ажы менен Анарбек Усупбаев көк жылгаяктын үстүнөн жолугушуп, чогуу коньки тебишти. Мындай маалыматты Чубак ажы өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырып, төмөндөгүдөй пост калтырды.

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Кышкы каникулда балдарым менен чогуу динибизге каршы келбеген спорттун түрү эмеспи деп, жылгаяк тепкени муз аянтчасына барып, ал жерден Анарбек Усупбаев аксакал менен учурашып, ал-жай сурашып калдык.
Жалгыз уулунан керез калган небересин ойнотуп жүргөн экен. Билим алууга болгон кызыгуунун басаңдоосу жалпы тенденция катары калыптанып бара жаткандыгы туурасында кеп курдук. Жалгыз торпогун сатып бала окуткан элдин мынчалык майдалангандыгына бир аз кейип кепчидик. Улуттун келечегине кам көрүүгө болгон пикир алыштык. Аксакалдын жакшы карып бараткандыгын байкап, ичимден Кудайга шүгүр айттым. Кудай Таалам баарыбызды хидаят-туура жолунан адаштырбасын.
Анан, эстелик болсун деп “чырк” эттирип койдук…”,-деп жазган Чубак ажы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: