Menu

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка дайындалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-июлдагы КР БШКнын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Бул туралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Бишкек АШКга тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-июлундагы №487-буйругу  менен Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбекович  “Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгүндүгү тууралуу чечимине байланыштуу” ээлеген кызматынан бошотулду.

Маалымат үчүн: “Бишкек шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же соттуулугу алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: