Menu

Ирина Карамушкина, ЖК депутаты: “Иса дубалга илинген тери эмес, полго салынган, бут алдындагы талпак экен”

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-октябрда КР Жогорку Кеңешинде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов экс-КСДПчы депутат Сагынбек Абдрахманов баштаган “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын Караколдогу партиялык конференциясына катышкан делегаттарын кабыл алган. Ал жолугушуу учурунда Иса Өмүркулов “Атамбаесиз КСДП” кыймылынын “КСДП бир адамдын жеке менчиги болбош керек. Жакында КСДПнын кезексиз съездин чакырып, Атамбаевди партиянын төрагалыгынан жанан КСДПнын катарынан чыгаруу зарыл. Партия тазалануусу керек” деген чакырыктарын колдогонун Сагынбек Абдрахманов жарыя кылган.

Буга ачуусу келген  КСДПчы депутат Ирина Карамушкина социалдык тармактардын бириндеги баракчасында төмөнкүдөй мазмундагы билдирүү жасаган:

“Коркоктор десе! Атайылап, мен жана Мадеминов жок кезде фракциянын жыйынын өткөрүшүптүр, аларга каршы кыйкырып чыга тургандар жок, Алмазбек Атамбаев жок, анан бузукаларды колдоону чечишиптир.  Булар эбак эле партиянын катарынан чыгарылгандар. Караколдо КСДПнын партиялык конференциясын Данияр Тербишалиев (азыр “Республикачы”), Эркингүл Иманкожоева (азыр “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү) ал эми Сагынбек Абдрахманов партиянын катарынан эбак эле чыгарылган… А Иса Ө., эгер ушул чын болсо дубалга илинген тери эмес, полго салынган, бут алдындагы талпак экен… “  деген.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: