Menu

ЖКдагы 121-депутат же элдик генерал

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында, жаңы кабыл алынган Кодекстер толук кандуу иштеши үчүн өзгөртүү толуктоолорду киргизүүдө. Жогорку Кеңешинде ИИМдин позициясын мыкты коргогонуңуз бизди кубандырат жана биз Сиздей Кыргыздын чыгаан уулдары менен сыймыктанабыз. Бул Сиздин мурун митингдерде жана ар кандай нааразычылык акцияларда чечкиндүүлүк, дипломатиялык жана жөнөкөйлүк жолу менен чечип келгенсиз. Азыр болсо башка образда мыйзам долбоорлору иштелип чыгуу жана коргоодо чыныгы кесипкөй, чеберчилик менен баардык суроолорго так, даана жооп бергендигиңиз бул өтө жогорку жетишкендик деп эсептейбиз. Себеби, реформанын жүрүшүнүн алкагында өздүк курам жакшы иштеш үчүн жакшы мыйзам жана жакшы шарттар түзүлүшү керек. Жакын арада, Жогорку Кеңеште үч окуудан кабыл алынган “Укук коргоо органдарынын кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамы жалпы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан өзгөчө жашоо-шарттарын жакшыртууга өзгөчө шарт түзүп берет. Ошондой эле, жалпы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасына жана пенсияларына 40% пайызга чейин, ал эми, ИИОдо кызмат өтөп жаткандарга кошумча 30% пайызга чейин акча каражаттар кошулгандыгы бизге маалым. Укук коргоо органдарынын милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери жана кара күчү, каражаттарын жана атайын техникаларын колдонуу жөнгө салынды.

Бул Мыйзам, кызматкерлер жана ардагерлер үчүн көптөн күткөн жакшы жаңылык болду. Мындай жетишкендиктер ИИОнун тарыхында биринчи жолу болуп жатат. ИИМдин жетекчилигине жана Сизге чоң ыраазычылык билдиребиз. Муну менен катар, баса белгилей кетчү нерсе, Курсан мырза, Ош шаарынын Ардактуу атуулу болгондугуңуз менен чын жүрөгүмдөн куттуктай, себеби бул сыйлыкты өлкөбүзгө эбегейсиз кошкон зор салымыңыздын жыйынтыгы менен алып жатасыз. Арадан тогуз жыл өтсө дагы бул жакшы көрүнүш, бул атуулдукту мурун эле берсе болмок эле бирок, ийгиликтин эрте кечи жок, бул башталышы гана болсун.

Кыргыз Элинин Сиздей чыныгы атуулдары көп болсун жана өлкөнүн келечек муундарына дайыма үлгү болуп жүрө бериңиз. Ылайым Жараткан өзү колдоп, Кыргыз Элинин сыймыгы болуп, даражаңыз мындан ары дагы өсө берсин.

Бейшенбек Турсунбеков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: