Кыргызстанда 9-10-ноябрда кескин суук болуп, жаан жаап, айрым жерлерде жаан карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
9-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, жаан карга айланат. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
10-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ