Өзбекстанда алты ай ичинде сатылбаган автоунаалардын «кооз» номурлуу белгилери төмөн баада аукционго коюлат. Өзбек өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алды.
Ага ылайык, алты айда сатылбаган автоунаалардын 1-2-категориядагы «кооз» номурлуу белгилери кайрадан аукционго коюлуп, 2-3-категориядагы номурлардын баштапкы баасы менен сатылат.
Ошол эле маалда тамгалары окшош комбинациядагы номурлар арзандатылбайт.
4-6-категориядагы номурлар аукциондон чыгарылып, жалпы эреже менен сатыкка коюлат.
Быйыл июнь айында Өзбекстанда «кооз» номурлар мурдагыдай 3 эмес 6 категорияга бөлүнгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ