Menu

Кубаныч Кулматовдун үйү тинтүүгө алынып, өзүнө айыбы угузулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-майда Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири, “кошелогу” деп эсептелген экс-бажы башчы Кубаныч Кулматовдун үйүндө УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, өзүнө айыбы угузулганы белгилүү болду.

Кубаныч Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган 2014-2016-жылдары Бишкек ТЭЦин модернизациялаган Кытайдын TBEA компаниясы Кыргызстанга $20 млн грант акча бөлдү, анын 2 млн долларына Бишкекке 1 мектеп, Ошко 1 мектеп курулат деп жар салышкан. Кийин ал пландарын өзгөртүшүп, Бишкекке 1 мектеп жана 1 бала бакча курулат деп оңдошкон эле. Борбор шаардын “Калыс ордо” кичирайонуна 1200 орундуу мектеп курула баштаганын айтып бийлик мактанган . Натыйжада ал мектеп да канча ызы-чуудан кийин кичирейип, 660 орундуу болуп аяктаган. Ал чакан мектепке Кытайдын $2 млн акчасынан сырткары Бишкек мэри Кубаныч Кулматов элдин казынасынан 104 млн сом каражатты да мыйзамсыз сарптаганы ачыкка чыгып, Генералдык прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Ушул кылмыш ишинин алкагында УКМК Кубанычбек Кулматовду 10-майдан тартып суракка алып, 18-майда айыбын угузуп, 19-майда анын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Кыскасы, Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү алгач $150 млн акча бааланган Бишкек ТЭЦинин модернизациясын $386 млн акчага жеткирип жеген сыяктуу $2 млн акчага бааланган 1200 орундуу 2 мектептин ордуна 660 орундуу бир мектептин курулушуна $2 млн жетпей калды деп дагы 104 млн сом акчаны бюджеттин эсебинен чачышкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: