Menu

Премьер-министр Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялоодо, анын эң кичүүсү 4 жашта. Анын жолдошу, чабандык кесипти аркалаган Акыл Зулпуев 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан бул үй-бүлө үчүн 2 бөлмөлүү үй курулуп берилген.

Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: