Бүгүн, 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Долбоор КР Өкмөтү тарабынан демилгеленген.
3-окуудагы мыйзам долбоорун аталган комитеттин төрагасы Канат Керезбеков алып чыкты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысын (шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын) шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясый көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу мыйзам долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунда кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу каралууда.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун талкуусуз эле 3-окууда жактыруу чечими кабыл алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ