Menu

Өкмөт “Жарнак жөнүндө” мыйзамга “мониторинг” түшүнүгүн киргизүү демилгесин сунуштоодо

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш жыйынында интернеттеги жарнак ишмердигин көзөмөлгө алуу чараларын ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысынын айтымында, жарнактар күндөн күнгө коммуникациянын көптөгөн каналдарын камтууда, ичинде интернет түйүнү да бар. Ага кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдарга чек коюлган эмес. “Балдарды коргоо максатында, мыйзам долбоору аркылуу “Интернет” түйүнүндө алкоголдук ичимдиктер боюнча жарнакка чектөө салуу демилгеси сунушталууда”, – дейт ал.

Бул мыйзам кабыл алынып калса, жарнак ишмердигин көзөмөлдөө максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жарнак материалдарына мониторинг жүргүзө турганы белгилүү болду. “Жарнак жөнүндө” мыйзамда жарнак материалдарына мониторинг жүргүзүү боюнча түшүнүк жок болгондуктан, мыйзамга “мониторинг” түшүнүгүн киргизүү сунушталууда.

Асылбек Жээнбеков, Дастан Бекешев сындуу бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти. Депутат Рыскелди Момбеков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги мыйзам долбоорун жарнакка байкоо жүргүзүү үчүн эмес, аларды көзөмөлгө алууну колго алып, өз чөнтөгү үчүн иштөө максатында киргизип жатканын, демек, ал коррупциялык жосундарга жол ачарын белгиледи. Мындай пикирди Алмазбек Токторов да колдоду. Ал эми депутат Бакирдин Субанбеков кафе менен дүкөндөрдүн аталышын көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: