Menu

ИИМ: КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Киверь Валериу менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-июль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Киверь Валериу менен жолугуп, нормативдик-укуктук ченемдерди жакшыртуу максатында актуалдуу маселелерди талкуулашты. Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигдин атынан жана жеке өзүнүн атынан биздин эки тараптык кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин кызматташуусунун үзгүлтүксүз жогорку динамикалуу деңгээлин белгилеп кетти. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бардык баштоолорун колдоо боюнча Сиздердин активдүү ишиңиздерди, анын ичинде ички иштер органдарын реформалоо сыяктуу мындай маанилүү багытты ишке ашырууда көрсөткөн колдооңуздарды биз жакшы билебиз жана жогору баалайбыз деп баса белгиледи.
Ички иштер министри Курсан Асанов өз сөзүндө: “2018-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Жарлыктын башкы максаты – жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформаны алдыга жылдыруу.
2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстери жана аларды коштоочу башка мыйзамдар ишке киргизилет. Жазык-укуктук блоктун бул мыйзамдары адам укуктарын коргоону камсыз кылууда стратегиялык мүнөзгө ээ жана жашоого жөндөмдүү мамлекеттик тутумдун жана заманбап экономиканын өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт, анткени жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен жазык сот өндүрүшүн гумандаштыруу, декриминалдаштыруу, депеналдаштыруу жүргүзүлгөн, улуттук мыйзамдар адам укуктары, сот адилеттигине жетүү чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга бир топ баскычка жакындады, эски укуктук маданияттан кайтуу жолу белгиленди.
Сизге белгилүү болгондой, жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүн оптималдаштырууга, чыңдоого жана айрыкча кызматкерлерге укуктук билим берүүгө көбүрөөк көңүл бурулуп жатат.
Милициянын генерал-майору К. Асанов Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 23-майындагы № 445-б буюрмасына ылайык, жаңы кодекстердин жана аларды коштоочу мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашырууну жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчисимин.
К. Асанов 2017-жылдын башынан азыркы күнгө чейин  республиканын ИИОнун 3702 кызматкери  окуудан өткөндүгүн билдирем.
Андан тышкары, Пландын практикалык иш-чараларын аткаруу максатында, биринчи этапта жазык-укуктук циклдын жаңы мыйзамдары боюнча 44 адам (ИИМ-9, алардын ичинде: ТК-5, Академия-4, РОБ-2), соттук тутум-5, прокуратура-6, УКМК-4, ЖАМК-7, ЭКККМК-3, КУУ-1, КОСУ-4) укук колдонуучу органдардын кызматкерлеринин ичинен тренерлер үчүн Окуу планы бекитилген, 2018-жылдын 11-апрелинде аларга тастыктамалар тапшырылган жана мындан ары алар аймактардагы практикалык кызматкерлерди окутушат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы тарабынан тренерлер катарында 27 кызматкер жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РОБдун Ош шаарындагы филиалынын базасында 38 кызматкер кошумча даярдалгандыгын белгилеп кетким келет жана кызматкерлерди окутуу боюнча бул иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт.
Министрдин орун басары белгилегендей,  жазык-укуктук багыттагы жаңы мыйзамдарды окутуу максатында Кыргыз Республикасындагы соттук реформанын алкагында 2018-жылдын 10-майынан 21-июлуна чейин (биринчи этап) жана 2018-жылдын 17-сентябрынан 28-ноябрына чейин (экинчи этап) план-графикке ылайык республиканын аймактык ИИОлорго баруу, андан ары кошумча окутуу жана ИИМдин жетекчилиги тарабынан алган билимдердин деңгээлин текшерүү менен окутуучу семинар-тренингдер (Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 3-майындагы № 371 “Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн семинар-тренингдерди өткөрүү жөнүндө” буюрмасына ылайык) өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын жанан укук коргоо органдарын реформалоонун  алкагындаИчки иштер ми нистрлиги тарабынан жаңы кодекстердин талаптарына ылайык, бир катар мыйзам долбоорлор иштелип чыккан.
– Кыргыз Республикасынын ЖКда биринчи окуудан кабыл алынган “Кырыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору укук коргоо кызматында кызмат өтөө учурунда кызматкерлер үчүн бирдей талаптарды, акчалай үлүштү жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуунун бирдей шарттары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан физикалык тааси берүү, атайын каражаттарды, куралдуу аскердик техникалдарды колдонуунун бирдиктүү талаптарын орнотуу пландалууда.
-“Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору;
-“Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө” “Ыкчам издөө ишмердүүлүгү жөнүндө”, “Курал жөнүндө”, “Кылмышкерлердин кирешелерин жана терористтик же экстремистти имердүүлүктү каржылоону мыйзамдаштырууга каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ошону менен бирге айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна.
Мындан тышкары, биз тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен жаңы кодексти жана ага  байланыштуу мыйзамдарды окутууну билим берүү программасына кошуу маселесин карап чыгуу тууралуу кат жиберилген.
ПРООНдун донордук каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматкерлерине жана республикалык ИИОнун айрым аймактык бөлүктөрү үчүн 300 бирдик кодекс басмаканадан басылып чыгарылдыгын баса белгилеп кетти. Себеби, 2,5 миң нускадан чыккан кодекс (КЖК-500, ЖПК-500, бузуу жөнүндө кодекс-1000, жоруктар жөнүндө кодекс-1000) Кыргыз республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрүндөгү кызматкерлерге практикалык жактан укуктук окуусуна баа жеткис жардам болуп көрсөтүлөт.
Көмөк көрсөткөндүгүңөр үчүн Сиздерге дагы бир ирээт ыраазычылык билдирип кетким келет, бул кодексти мындан аары республиканын ички иштер органдарындагы райондук жана аймактык бөлүктөр таанышып окуусуна жана ишинде колдонуу үчүн  багытталган”-деп баса белгиледи.
Өз кезегинде Курсан Асанов ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Киверь Валериу ЕККУ ички иштер органдарындарын реформалоодогу маанилүү багыттарды ишке ашырууда кызматташууга жана жардам берүүгө даяр экендигин маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: