Ала качууга шектелген адам эки айга №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынан билдиришти.
Мындай чечим Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынгандыгы такталды. Дагы эки шектүү адам – күйөө баланын эжеси жана анын тууганы үй камагына чыгарылышты.
Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кыз ала качкан адам камакка алынды деген маалыматты тастыктады.
Эске салсак, Бишкекте 21 жаштагы кызды ала качып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна алып кетишкен. Жабырлануучунун туугандары аны көптөн бери таба алышкан жок. Натыйжада милиция үч шектүүнү кармашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ