Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маектешүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечектери боюнча, анын ичинде, жакын арада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда регулярдуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты.
Министр Ч.Айдарбеков коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамдары, Кыргызстанда коронавирустун жайылуусунун активдүү фазасы мезгилинде баа жеткис практикалык жана консультативдик жардам көрсөткөн россиялык дарыгерлерди жөнөткөндүгү үчүн россия тарабына ыраазычылык билдирди.
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чараларды ишке ашырууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна жараша кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого тараптар үмүт артышаарын билдиришти.
Мындан тышкары, региондук жана эл аралык саясат маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ