Menu

Красноярскиде курал-жарак сакталган кампадагы жарылуудан 12 киши жаракат алды

Бөлүшүү:

Орусиянын Красноярск крайынын Ачин районунда жайгашкан ок-дары сакталган кампадагы жарылуулар 6-август эртең менен токтоду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги аймактын бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдирди.

5-августта башталган аскердик кампадагы жарылуулардан улам 12 киши түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары 20 чакырым радиустагы калктуу конуштардын жашоочулары эвакуацияланган.

5-августта өлкөнүн Коргоо министрлиги өрттү өчүрүүгө алыстан башкарыла турган 14 робот тартылганын билдирген. Ачин районунун бийлиги жалпысынан аймактагы 11 миң киши коопсуз жерлерге көчүрүлгөнүн кабарлады.

Ал ортодо курал-жарак сакталган кампадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан алюминий өндүрүүчү «Русал» компаниясы ишин токтотуп, кызматкерлеринин көбүн эвакуациялаганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: