Menu

Алмазбек Эргешов, “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты: “Аксыда эл 54 чакырым жердин такталышын талап кылууда”

Бөлүшүү:

– Алмазбек Манасбекович, чек ара маселесине байланыштуу Аксынын кээ бир айылдарында да эл дүргүп турганын айттыңыз. Талаш туудурган жер кайсы айылда?

– Дээресай айылында. Ал Авлетим айыл өкмөтүнө карайт. «Такташып келгенде 54 чакырым жер кошуна Өзбекстанга өтүп кетиптир» деп жергиликтүү эл ызы-чуу көтөрүп атышат. Жакында эл менен жолукканда да шайлоочулар «ошол маселени тактап бергиле» деп суранышты. Ал кумдак жер. Ичкенге суу жок. Жердин астынан чыккан булактар бар, бирок алар шор суу. Ичкенге болбойт. Андыктан, элдин эң чоң көйгөйү – бул таза суу. Мектебинин акыбалы да оор. Эл негизинен мал багып тиричилик кылышат. Бирок, дал аккан сууну чек ара катары белгилеп коюшуптур. Эреже боюнча чек ара сызыгынан 50 метр өткөзүп туруп, анан зым тор тартылышы керек. А эгер зым тор тартылчу болсо, Өзбекстандын да, Кыргызстандын да малы суу ичпей калат. Суу болбогондон кийин ал жерден элдин баары көчүшкө туура келет.

– Негизи ал биздин жер да?

– Өзбек тарап кайсы бир карта боюнча «кайсы бир бөлүгү биздики болгон» деп айтып атышат. Бирок, 1991-жылы ошол жерде айыл башчы, жер адис болуп иштеген адамдар менен такташканда, «эзелтен биздин жер болчу» дешет. Ошон үчүн биз өкмөттөн «эл менен барып жолуккула, тактап, бизге кагаз түрүндө маалымат бергиле» деп талап кылып атабыз.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: