Menu

Дастан Сарыгулов, экс-мамлекеттик катчы: Калмак президенти Роза Отунбаевага бекеринен үч жолу келип жолуккан жок, Саруунун ичиндеги Бошмоюн кыргызга жээн болот, “желке тон болбойт, жээн эл болбойт”…

Бөлүшүү:

– Серепчилер Убактылуу Өкмөт да Конституцияны каалагандай бузуп келгенин айтып да, жазып да чарчашты окшойт го…

– Бул дагы чын. 2010-жылы Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган шартта Конституция референдум өткөргөнгө жол бербейт деген талабын одоно бузуп, жаңы Башмыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна койбой туруп, колдоп бербесеңер түштүктөгү жаңжал тынчыбайт деп опузалап, коркутуп жаңы Башмыйзамды кабыл алды кылбадыбы Убактылуу Өкмөт. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында 5 пайыз босогодон өткөн саясый партиялар баары биригип шайлоочулардын араң 36 пайыз добушун алган, демек алар эл атынан мыйзамдарды кабыл алганга укугу жок болчу, 50 пайыздан өйдө добуш алганда гана андай укукка ээ болмок эле.

Атамбаевдин президент катары шайлоо учурунда добуш берилген күнү үгүт иштерине мыйзам уруксат бербегенине түкүрүп, Отунбаева ачык эле элге кайрылып, Бакиевдин адамдарына (түштүктөн чыккан талапкерлерге) добуш бербегиле деп үгүттөгөнүн бүтүн кыргыз эли укпадыбы.

Алардын Атамбаеви “Талас эли эл эмес, нарындыктар малсыңар, көлдүктөр катынсыңар, аялдар күйөөлөрүнө төшөктө эмне кылыш керек” деген ыплас, адам уккус сөздөрдү айтып, дүйнө жүзүнө кыргызды уят кылбадыбы…

– Мамлекет туңгуюкка келгенине Убактылуу Өкмөттүн салымы чоң деген пикирлер да айтылып жатат. Буга негиз барбы?

– Убактылуу Өкмөт Башмыйзамда жок түзгөн байкоочу кеңештери (эл баа бергендей) чайкоочу кеңешке айланды. Сот реформасы соттор менен чырмалышкан прокурорлорго алып келди. Мунун баары алдын ала күтүлгөн болчу, анткени Убактылуу Өкмөттүн бир дагы мүчөсү областы эмес, районду да жетектеп көрбөгөн “таза кандуу” саясатчылар эле.

Бакиевге оппозиция болгон Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Атамбаев түзгөн уюшулган мамлекеттик коррупциялык кылмыштуу мафиялык топ өлкө экономикасын, кадр саясатын быт-чыт кылып талкалаганын көрүп туруп талкан сугунуп алгансып ооз ачпай койбодубу…

– Убактылуу Өкмөттүн төрайымы элет кыргыздарын “мырка” деп айтканы көп нерседен кабар бербейби?

– Көчмөн кыргыз шаар-кыштакта жашабаса деле улуу цивилизация жараткан. Атактуу манасчылар, акындар, комузчулар, ырчы-обончулар, баатырлар, көсөм-акылман, ойчулдар – баары элеттен чыккан. Демек, элеттиктер “мырка” дегени кыргыз улуту “мырка” дегендей эле болду… Мындай түшүнүк менен кыргызга жакшылык кылмак беле.

– Шахматтын иштерин шылтоо кылып, өмүрү буга чейин Кыргызстанга келбеген Калмыкиянын президенти Отунбаевага үч жолу келип жолукканы да бекер эмес дегендер болду го…

– Үмөт Молдонун санжырасында Саруунун ичиндеги Бошмоюн кыргызга жээн деп таамай жазылып турбайбы… “Желке тон болбойт, жээн эл болбойт” деген макал илгертен бери айтылып келатпайбы.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: