Menu

АКШда шайлоого кийлигишкен өлкөлөргө санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалды

Бөлүшүү:

Америкалык сенаторлор Крис Ван Холлен менен Марко Рубио АКШдагы шайлоолорго кийлигишкен өлкөлөргө санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап чыгышты.

Документке ылайык, АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору шайлоо өткөндөн кийин 60 күндүн ичинде добуш берүүгө сырттан кийлигишүү болгон-болбогондугу боюнча баяндама даярдап бериши керек. Эгер шайлоолорго башка өлкөлөрдүн кийлигишкени аныкталса, анда ал мамлекетке карата чектөөлөр киргизилет.

Мыйзам долбоорунда шайлоого Москва кийлигишсе, анда АКШда Орусиянын мамлекеттик баалуу кагаздары менен соодалашууга тыюу салуу сунушталган. Мындан тышкары буга чейин Кошмо Штаттардагы шайлоолорго кийлигишкендиги үчүн санкциялык тизмеге кирген адамдардын активдерин камакка алуу каралган.

Мыйзам долбоорунда сунушталган чектөөлөр Орусиянын банк секторун дагы камтыйт. Эгер мындай чектөөлөр Орусиянын кеминде эки банкына киргизилсе, анда Сбербанк, ВТБ Банк, Газпромбанк, Внешэкономбанк жана Россельхозбанк санкцияларга кабылышы мүмкүн.

Мындан тышкары документте мыйзам кабыл алынгандан кийин жарым жылдын ичинде, андан кийин ар эки жыл сайын Орусия президенти Владимир Путиндин менен өлкөнүн тышкы саясаты үчүн жооп бере турган башка адамдардын активдери жана алардын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтарды чогултуп туруу сунушталууда.

Орусияга каршы алгачкы санкциялар Крымдын аннексиясы жана Украина чыгышындагы жаңжалдарга байланыштуу АКШ жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөр тарабынан 2014-жылы киргизилген. 2018-жылы бул өлкөлөр Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишкендигине жана Сергей Скрипаль менен кызынын ууландырылышына байланыштуу Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүндүгүн билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: