Menu

Убадаларын унуткан Төрөбаев кайрадан элдин башын айлантуу аракетинде

Бөлүшүү:

2017-жылдагы Президенттик шайлоо маалында атын булгап алган Бакыт Төрөбаев бир топ убакыт дымып жатып, быйыл жаз алды менен кайрадан жандана баштады. Бул кысталактын эмне себептен «тирилгени» белгилүү да. Кийинки 2020-жылы парламенттик шайлоо. Ошого утурлай баш көтөргөн эргул өткөнүн унутуп, кадимкидей акыл үйрөтүп атат, эй! Добуш топтоо үчүн элге кантип жагынуунун аргасын издеп күйпөлөктөп, кандай жол менен өзүмдү пиарласам деп убара тартууда. Эч кимди тааныбай эдиреңдеген нойондун эсине салып койолук, баягы 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында берген убадалар кайда? Анын 95 пайызы аткарылган жок.

2015-жылдагы шайлоо алдында карапайым элдин саламаттыгына кам көрөбүз, бекер текшерүүдөн өткөрөбүз деген ураан менен шайлоо алдында алыскы аймактарга дарыгерлердин тобун жөнөтүмүш болгон Төрөбаев шайлоо бүткөндөн кийин кумга сиңген суудай жоголбоду беле? Эми бул шүдүңгүт ошол куйту саясаты менен дагы бир элди алдачу дагы бир «идеяны» ойлоп таап, кайрадан аймактарды кыдырганы турабы? Бүттү да эми, Төрөбаев чапкан сайын көз чыкмак беле?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: