В.Путиндин Кыргызстанга иш сапарынын алдында “Форумдагы” колтуктарында котур таштары барлардын буйрутмаларын аткарган жалданма серепчилер, жазмакерлер Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясынын контекстинен айрым сүйлөмдөрдү, сөздөрдү жулуп алышып, аларга өздөрүнүн фантазияларынан чыгарылгандарды кошушуп, Кыргызстандын тышкы саясатындагы стратегиялык артыкчылыктуу багыттар өзгөрүлгөнү жатат, ал сөзсүз Россиянын бийлигине жакпайт, демек, В.Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарында чеке жылытарлык жыйынтыктар деле болбойт”- дегендей ойлорду жадабай кайталап келишсе, алардын сокурдун көрөгөчтүк кылганындай “олуялыктары”, кейбирдикиндей билермандыктары толугу менен таш капты.
Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапары – Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелер өнүгүп, чыңдалып, сапаттык жаңы деңгээлге чыккандыгын, ал мындан ары да тереңдеп, жакшыра бере тургандыгын көрсөттү. Анын дагы бир далили катарында эки президенттин 2020-жылды – Россияда Кыргызстандын жылы, ал эми Кыргызстанда Россиянын жылы деп жарыялап, саясый, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаша тургандыктары жөнүндө чечим кабыл алышарын билдиргендиктерин айтсак болот.
Жыйынтыктап айтканда, “Форумдагылар” эңсешкендей, Кыргыз-Орус мамилелери солгундабады, мурдагыдан кескин жакшырып, динамикалуу өнүгүүнүн даңгыр жолуна түштү. Эми “Форумдагыларга” мындай учурда дароо эске келчү, “ичиң күйсө, туз жала” дегенден башканы айта албайбыз.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ