Өкмөттүн Нарын областындагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан шыпырыла тургандыгы көптөн бери айтылып келе жатканы көпчүлүккө маалым. Ал күн дагы жакын калганы Акүй тарапта кеңири айтыла баштады. Дегенибиз, жыл башында мына кетет, ана кетет болгондо Аманбай мырза ортого киши салып атып, «май айына чейин иштей турайын, анан арызды өзүм жазып берем» деп «касам» ичиптир. Убакыт деген учкан куш дегендей көз ачып жумганчакты май айы келип калды. Бирок, Аманбай мырза эртең же бүрсүгүнү кетет деген күнгө жакын калганда кайрадан жойпуланып, кызмат өмүрүн «узартуунун» арга-амалын издеп баштаганы неси? Кыргызда «жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» дейт. Убада оозунан чыккан соң айтканын аткарып, кетип калбайбы тырмышпай. Кызмат атасынан калган мурас эмес да.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ