Menu

Өрттүн түнкү саат эки жарымда болгону кооптуу

Бөлүшүү:

Буга чейин Ош базарында,Жалал-Абаддагы базарда өрттүн түнкү саат эки жарымда болгонун маалыматтан билген жайыбыз бар.  Аламүдүн районунда жайгашкан Эркин экономикалык аймакта үч күн мурда жүз берген өрт да дал ушул убакта болгону кооптуу жагдайга кептейт. Ушундан улам атайын өрт “операциясын” жасоочу топ даярдалганбы деген ой кетет. Ал эми текшергичтердин жыйынтыгы чыкканча дагы далай кырсыктар болуп кетпесине ким кепилдик бере алат? Эч ким.

Эми кезек кайсыл ири базарга,же аймакка келерин бирибиз да айта албайбыз. Тигил көзү ачыктар болсо жалаң бай саясатчылардын чөнтөгүн аңдыганга өттү. Кыйын болсо ушундай кырсыктардын алдын алышпайбы,аянчылар, укмуш жоромолго батырчулар. Мындайда кумга башын тумчукканча тыгып алышат. Айтор, жагдай дурус деп айтууга негиз жок. Элдин жүрөгүнүн үшүн алган өрттүн кесепетинен миллиондогон акчалар коромжуга учурап, бечара кишилердин үй-бүлөлүк бюджетине доо келтирилүүдө. Жөн жерден чыкпаган өрттүн себепкерлерин качан кармап,колуна кишен салат күч түзүмүнүн эрлери? Же кырсыктар үрөйдү учуруп улана береби?

Булак: Ачык Сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: