Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун көзүнө түшүүнү максат кылып, поезддин алдына түшүп алып болушунча шацыраңдап экс-президентти сындап жаткан Нариман Түлеевдин өзү-нүн абийири төгүлүүдө. Коррупцияга шектелип 11 жылга камалып, үй-мүлкү конфискация болгондо, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге 3 жылдын ичинде көп нерсени түшүнгөнүн айтып, жалдырап кечирим сурап кат жазып, мамлекетке 60 миллион сом айып толоп, эркиндикке чыкканы белгилүү болду. КСДП Түлеевдин жалынып кечирим сурап жазган катын жарыялады. Адатынча Нариман актанып, «Кол жазма меники эмес, жасалма, мен бул боюнча графологиялык экспертизадан отконго даярмын», – деп карганып чыкты. КСДП экспертизадан өткөрүүгө даярдыгын айтты. Эми Тулеев эмне деген жок шылтоону ойлоп табат болду экен?..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ