Бүгүн, 5-июнга карата Кыргызстанда дагы 37 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 14, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 6, Нарын облусунан – 6, Чүй облусунан – 7, Баткен облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 3 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1936га жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 163 адам;
– Ош облусунда — 231 адам;
– Ош шаарында — 212 адам;
– Бишкек шаарында— 513 адам;
– Нарын облусунда — 387 адам;
– Чүй облусунда — 141 адам,
– Баткен облусунда — 31 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 18 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 48 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1349ка жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 7 адам; – Ош облусунан – 9 адам; – Ош облусунан – 2 адам; – Жалал-Абад облусунан – 1 адам, – Нарын облусунан 29 адам.
“Өткөн сутка ичинде 2 бейтап коронавирустан 2 бейтап каза болду. Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял киши. Улуттук фтизиатрия борборунда 82 жаштагы аял киши каза болду” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 22ге жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ