Бул тууралуу 4-ноябрда Ош ШИИБиси билдирди. Сатуучу 2019-жылдын 1-ноябрында болжол менен түнкү саат 23.00дө өлтүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча аны ашбычак менен жүрөк тушка сайышкан. 1984-жылы туулган Р.М. ооруканага жетпей, жолдон көз жумган. Ал зоодүкөндү ижарага алып иштетип жаткан. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ