Menu

Ошто милиционер тамагынын акысын төлөбөй, ишкерди коркутат

Бөлүшүү:

Ошто ишкерди коркутуп, жеген тамагына акы төлөбөгөн “формачан” шаардык милициянын кызматкери экени аныкталды. Мындан кийин коомчулукта бул тема катуу талкууга алынып, милицияга жаман сөз алып келди. Орто бизнес менен алектенгендердин катары өсүп, аларды ар тараптуу колдоо зарылдыгы тынбай айтылганы менен, иш жүзүндө андай болбой жаткандыгын Оштогу окуя дагы бир ирээт далилденип отурат.

Ош шаарынын тургуну Жасур Парпиев кичи ишкердик менен алектене баштаганына эми эле 1 айдын жүзү болгон экен. Ал коомдук тамактануучу жай иштетип жаткан. Анын айтымында, милиция формасын кийген жаран алган тамагынын акчасын толук төлөгөн эмес. Акча берүүсүн талап кылганда: “Сени менен кийин сүйлөшөм”,-деп коркута баштаган.

Аталган иш тууралуу Ош шаарынын мэри да кабардар болгон. Ишкердин коркутууга кабылганы тууралуу Ош шаардык ИИБга кызматтык иликтөө жүргүзүүгө тапшырма берген. Аны менен катар Оштогу ишкерлердин укуктук мыйзамы бузулган болсо, коркутуулар орун алса, аларды жергиликтүү бийлик жана тиешелүү тараптар коргоого ала тургандыгын мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров айтат.

Ал эми коркуткан милиционер Ош шаарынын ИИБсынын 10-бөлүмүнүн кызматкери экендиги бат эле ачыкка чыкты. Учурда акысыз тамак жеген кызматкерге карата ички иликтөө иши жүргүзүлө баштады. Булар тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет ишкерлерди колдоп ала тургандыгын бир нече ирээт айткан. Аларга шарт түзүү, бизнесин жандандыруу максатында үстүбүздөгү жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп белгилеген.

Булак: Майдан-пресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: