Кыргызстанда жыл сайын 13 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 1400гө жакын кыздар кош бойлуулукка катталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты. Бул көрсөткүч эң аз дегенде миңди түзөт. Боюна бүткөн кыздардын 85%ы төрөйт, калган 15%ы боюнан алдырат. Статистикалык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлиги менен БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун үй-бүлөнү пландоого арналган иликтөөсүндө аныкталган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ