Menu

Эми балдар мечит, чиркөөгө ата-энесинин коштоосунда гана барат

Бөлүшүү:

Балдар мындан ары чиркөө жана мечиттерге ата-энелери менен гана бара алат, намазканалар кароого алынат, диний билим берүү жайлары орто мектеп сабактарын кошо окутууга тийиш болот. Өлкөдө “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса, ушундай өзгөрүүлөр болмокчу. Адистердин билдирүүсүндө, Кыргызстанда динди жөнгө салган мыйзам 10 жылдан бери өзгөрө элек. Акыркы төрт жылдан бери дин таануучулар, ар кыл конфессия өкүлдөрү жана юристтер мыйзамдын жаңы версиясынын үстүндө иштешти. Эгер мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынса, балдар жана өспүрүмдөр диний уюмдарда, чиркөө, мечиттерде иштей алышпайт. Сыйынуу учурунда мындай жайларга ата-энелери менен гана келишет. Мындан тышкары бардык диний билим берүү мекемелери лицензия алып, сертификациядан өтөт. Диний сабактар менен кошо тарых, адам жана коом, тил сабактары киргизилет. Ошол эле маалда өлкөгө диний адабияттарды алып кирүү маселесин жөнгө салуу дагы каралууда. Дин тууралуу мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ЖК депутаттары тарабынан каникулдан келгенде каралмакчы. Ошентип Кыргызстанды ар кандай диний агымдар менен секталардын полигонуна айлантып алган чет элдик миссионерлер жана күчтөрдүн аракетине тыюу салынып, динди радикалдуу максатта пайдаланууга бөгөт коюлууда.

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: