Menu

Түлеевдин мүлктөрүн жогору жактагылар тымызын бөлүшө баштадыбы?

Бөлүшүү:

“Уккан кулакта жазык жок” демекчи, акыркы мезгилде Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин тегерегиндеги талаш-тартыш токтомок турсун тескерисинче, күч алып жатканын эшиттик. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жаңы президент шайланганга чейин, жогорку кызматтагы айрым шүдүңбайлар Нариман Түлеевдин кыймылсыз мүлкөрүнө көз артып, туугандарына таандык болгон имараттарды да “ляппай” деген соттордон “мыйзамдуу” чечимдерди чыгарта салып, колго алганы жатышыптыр.

Эсиңерге салсак, мындан бир нече жыл мурун экс-мэр Нариман Түлеевге кылмыш иши козголуп, абакка олтургузулган. Бирок, сот Түлеевди миллиондогон айып пул төлөттүргөндөн тышкары, ишке такыр тиешеси жок Наримандын туугандарынын жана аны менен жакшы санаалаш болуп жүргөн адамдардын да ээлеген мүлктөрүн камакка алып, алардын үйлөрүн, батирлерин, айдоо жерлерин жана ар түрлүү имараттарын тартып алганга аракет көрүп жатканын кулагыбыз чалып калды. Баарынан кызыгы, Нариман Түлеевдин ишине эч кандай тиешеси жок болсо дагы анын балдарынын, туугандарынын, жакындарынын, керек болсо, ата-энесинин үй-жайларынан бери тизмеге кошуп алышып, учурда конфискация жолу менен мыйзамдаштырып тартып алуу операциясы жүрүп жатыптыр.

Эң кызыгы, ошол мүлктөрдү башкарыш үчүн, бийлик ыкчам түрдө мамлекеттик мекеме түзө салыптыр. Ал мекеме азыр Мамкаттоодон мүлктөрдү өткөрө салып, “ФУГИнин” коштоосу менен тымызын жогору жактагы адамдарга бөлүштүрүп коюптур дейт. Алсак, Улуттук университеттин маңдайында жайгашкан “Сапат” бизнес борборуна, башкача айтканда, имаратка Финполиция көз салганы тар чөйрөдө айтыла баштады. Кыскасы, ал имаратка Финполициянын катардагы кызматкери же анын бөлүм башчысы эмес, башында турган адам алгысы келип жатыптыр. Болбосо, катардагы кызматкерлер ал имаратка ээлик кылуу кыялы болсо да, жогору жактын макулдугусуз эшигин да ачып кире албайт да. Айта кетчү нерсе, аталган бизнес борбору 2006-жылы, тагыраак айтканда, Нариман Түлеев мэр боло элек мезгилде, анын атасы, Ташполот аксакал тарабынан курулган. Учурда атасы курган имарат экенине карабай бийликтегилер тартып алууга аракет кылып жатышат. Баса, жогору жактагылар көз артып, ээлик кылып калсам экен деген имаратгар “Сапат” бизнес борбору менен эле бүтүп калбайт. Түлеевдердин дагы башка мүлктөрү жогору жак менен макулдашылып, .“ким канча алат, ким кайсынысына ээлик кылат, башкарат” деп тымызын ич ара бөлүшүп, устукан сыяктуу жиликтеп жатыптыр. Чамасы, шеф кете электе, колдо бийлик бар кезде, кара күчтү колдонуп болсо да, эптеп Наримандын мүлктөрүн ээлеп алалы деген максатта катуу аракеттенип жатышат окшойт. Болбосо, Наримандын эле эмес, анын ага туугандарынын, санаалаштарынын мүлктөрүн кошо тартып алууну көздөшпөйт эле да. “Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” демекчи, буйрук болбосо, ал имараттарды алам деген күндө да алалышпайт. Же алып алган күндө да кези келгенде баш ооруу болуп, ашыгы менен төлөй турган абалга кептелишерин көрүп эле жүрөбүз го.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: