Бишкек шаарынын Ленин районун акими Нурдин Тынаев Ош базарды ирээтке келтире албай койду. Жайма базар жайылып кетти. Тачке менен соода кылгандар көчөлөргө батпай быкшып, санитардык абалын кооптуу чекке жеткирди. Ал эми Тынаев тыйбастан, ээн-эркин коебергени неси. Же соодагерлерден алчусун алып, капчыгын кампайтып жатканы чынбы? Болбосо тартипке келмек. Бир учурда Иса Өмүркулов мэр болуп турганда жеке өзү киришип, тыкыйтып койгонун көргөнбүз. Ошондо Ош базар көркүнө чыгып, жалтырап калганы эч кимге жашыруун эмес. Исакедей иштебейлиби?
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ