Menu

Өзбекстан Казакстан менен чек арасында топтолуп турган 2 миңге жакын жаранын өлкөгө киргизди

Бөлүшүү:

Өткөн жумадан бери Казакстандын Түркстан облусундагы «Жибек Жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында топтолуп турган эки миңге жакын өзбекстандык мигрант чек арадан өттү. Бул тууралуу аталган облустагы Сарыагаш районунун башчысы Мухит Отаршиев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта Казакстандын аймагында дагы 900дөн ашык мигрант калууда. Ошол эле маалда өзбекстандык мигранттардын чек арага агымы дале токтой элек.

8-июлда аймактын бийлиги өткөрмө бекеттин алдына топтолгон мигранттардын саны үч миңден ашканын билдирген. Алардын көбү Казакстандын аймагында иштеп жүргөн өзбек жана тажик жарандары экени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: