Menu

Салык төлөөнү электрондук форматка өткөрүү натыйжа береби?

Бөлүшүү:

Көмүскө экономиканын өзөгүн түзгөн, эсепке алынбаган жана аткезчилик жол менен кирген товарлардын агымын аныкташ үчүн бажы жана салык органдары онлайн видео көзөмөл жабдуу орнотуп, салык төлөөнү электрондук форматка өткөрүү боюнча жаңы фискалдык саясатты ишке ашыра башташты. Мунун натыйжасы кандай болот, эксперттерден сурап көрдүк.

Темир Сариев, коомдук ишмер, экс-премьер-министр:

– Ооба, электрондук онлайн эсеп, көзөмөл өз натыйжасын берет, санариптик багыт өнүгүп жатат, бул багыт туура, убагында киргизилсе жыйынтык болот. Эгерде өкмөт деңгээлинде көзөмөл катуу болсо тоскоолдуктарды чечсе болот. Бул жерде эки тобокелчилик: 1- субъективдүү  (адамдык ) 2-техникалык мүмкүнчүлүк. Экөөнү тең карап чечиш керек.

Максат Мамытканов, эксперт:

– Бул ишти сөзсүз аягына чыгарыш керек. Абдан керектүү, натыйжа берчү нерсе. Ушул иш аракеттердин натыйжасында көмүскө экономика ачыкка чыгарылат. Андан башка коррупциялык көрүнүштөр жоюлат.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты:

– Салык органдары онлайн видео көзөмөл жабдуу орнотуп, салык төлөөнү электрондук форматка өткөрүү оң натыйжа берет. Бул заман талабы.

Мекманбек Абдылдаев, эксперт:

-Эң негизги адам фактору деген бар. Ошол адам факторунун таасири жоюлмайынча бажы менен салык тармагындагы күңүрт коррупциялык чийимдерден кутулуу кыйын. Ошондуктан бул иш-аракеттер азырынча кандайдыр натыйжа бербейт. Бул мүшкүлдүн өтө терең себептери бар. Ошондуктан видео көзөмөл орнотуп, электрондук документ жүгүртүү менен эле аларды чечип салуу кыйын. Техникалык жабдуунун көзөмөлү ошол эле аткаминерлердин колунда турганда, алар бюджетти айланып өткөн «акча жасоонун» улам бир жаңы амалдарын ойлоп таба беришет. Ошондуктан бул фискалдык органдарды түп-тамырынан бери колу таза эмес аткаминерлерден тазалай турган башкаруу тутумун иштеп чыга турган саясий эрк болушу зарыл. Бул ишке ашмайынча мындан кандайдыр бир майнап чыгарынан күмөнүм бар.

Искендер Шаршеев, экономист:

– Электрондоштуруу бул биринчи бизнес процессти жөнөкөйлөтүп өзгөрткөндөн кийин санариптештирүү келет. Санариптештештирүү реформадан мурун келип, маселенин баарын чечип кетпейт. Биринчи салыкты карап, анализдеп, серептеп чыгыш керек. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү жөнөкөйлөтүү керек. Ошондо гана санариптештештирүү иштей баштайт, эл төлөп баштайт. Азыр социалдык фонддун төлөмдөрү өтө жогору. Ошондуктан салыкты карап чыкмайын аткезчилик же көмүскө түрдө иш жүргүзүү орун ала берет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: