КРнын Юстиция министрлиги тарабынан “КРнын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 3 ноябрындагы № 241 “КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу буйругу иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өзгөртүүлөр белгиленген Жобону квалификациялык экзамен тапшыруусуз адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкерлердин арыздарын карап чыгуу бөлүгүндө “КРнын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРнын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында киргизилген.
Ошондой эле, “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен маалыматтарды (электрондук документтерди) алмашуу үчүн, анын ичинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн административдик жол-жоболорун санариптик (электрондук) форматка өткөрүүдө жана мамлекеттик функцияларды аткарууда, белгиленген Жобо “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу иш кагаздарды кабыл алуу боюнча ченем менен толукталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ