Menu

Оппозиция кимдер?

Бөлүшүү:

Оппозий обон созгондор

Иш ордунан оомат оогондор

Иши жок калып көчөдө

Бийликке оппозиция болгондор

Чынында эле оппозициябыз дегендер баягы эле майлуу орундарынан ажырап калып, бийликтен куулуп кеткен эргулдар. Аларды элибиздин бакубат жашоосу, мамлекеттеги стабилдүүлүк, экономикалык өсүп-өнүгүүлөр эч качан ойлондурган эмес жана ойлондурбайт. Оппозициянын бир гана көзүн кызартканы баягы бийлик, май талкандуу иш орду. Мына жаз келди, жаздын бир күнү, бир жылга тете дегендей дыйкандарыбыз жазгы талаа жумуштарына даярбы, күйүүчү-майлоочу майлары барбы аны ойлогон адам жок. Өздөрүнүн керт башын ойлошуп эле көксөгөн бийликке жетсек эле деп турушат. Көксөгөнү, көздөгөнү эле бийлик. Азыркы тапта элибизге бир гана өлкөбүздө болгон стабилдүүлүк, тынчтык керек. Анан эле ар кошкондон бир кошкон, алапайын таппай кадыры эчак эле кайтыш болгондордун баштары биригип кантип бир күч болуп, бир муштумга бирикмек эле. Колдорунан кокон тыйын келбеген кокуйлар кантип оппозиция болмок эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: